Чет өлкө абактарында отурган 168 кыргыз жараны мекенине алынып келди

Автор -

Былтыр ар кандай кылмыштар боюнча чет өлкөдө камалган Кыргызстандын 168 жараны экстрадицияланды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, алар өз мекениндеги абактарда жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин отурат. 2019-жылы КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдө соттолгондорго укуктук жардам көрсөтүү боюнча КРдин укук коргоо органдары тарабынан Башкы прокуратурага 532 сурам келип түшкөн.

Мындан сырткары, Кыргызстандын аймагында кармалган жарандарды берүү боюнча чет мамлекеттердин тийиштүү органдарынан келген 23 сурам колдоого алынган. Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана өкүмдү аткаруу боюнча башка өлкөлөргө жиберилген 75 сурам канааттандырылган. Белгилей кетсек, Кыргызстан 20 мамлекет менен регионалдык жана көп тарапттуу актылар, укуктук жардам берүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында кызматташат.