Бишкекте жалпы наркы 30 миң сомдук жарнамалык баннерлерди уурдап кеткендер кармалды. Бул туурасында Октябрь ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 25-январында Бишкектин Октябрь РИИБине Х.И. аттуу шаар тургуну кайрылып, ошол эле күнү саат 14:00 чамасында Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жарандар баасы 30 миң сомдук эки жарнамалык баннерин уурдап кетип, үчүнчү жактарга сатып жиберишкенин билдирип, аларга чара көрүүнү суранган.
Бул факт «Уурулук» беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 1987-жылы туулган К.Н., 1989-жылы туулган И.Т. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаарынын ИИББинин тергөө изоляторуна киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.