Жалал-Абадда он жаштагы кызды зордуктоого шектелип, 18 жаштагы жаран кармалды

Автор -

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Эске сала кетсек, 28-январда Ноокен райондук милициясына ушул эле райондун Н.Ы. аттуу тургуну кайрылган. Арыздануучу саат 17:00дөр чамасында 2010-жылы туулган кызы мектептен чыгып үйүнө бара жатканда 20-25 жаштагы бейтааныш киши аны коркутуп, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Анын жүрүшүндө шектүүнүн фотороботу түзүлүп, коомчулукка таратылган.

Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн, 5-февралда, Ноокен районунун 18 жаштагы тургуну шектүү катары кармалды. Учурда облустук сот анын баш коргоо чарасын карап жатат.