Түркиянын Сабиха Гөкчен аэропортуна конуп жаткан маалда кырсыктаган учак үчкө бөлүнүп кетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктан 3 адам каза таап, 179 киши жаракат алганын билдирди.
Түркиялык медианын кабарлашынча, Pegasus Airlines компаниясынын учагы 5-февралда түштөн кийин ички каттамды аткарып, Измирден Стамбул шаарына учуп келген.
Ал тапта Сабиха Гөкченге конушу керек болгон учактар Стамбул аэропортуна жөнөтүлүп жатканы белгилүү болду.