Ош шаарындагы тез татым ашканаларынын биринин дубалын дүйнөлүк жана кыргыз адабиятынын классик жазуучуларынын китептери менен тургузушкан. Бул көрүнүшкө нааразы болгон жазуучу Зинакан Пасанова «дубалдын» сүрөтүн «Фейсбукка» жарыялады.
«Шумдук! Классиктер тез татым ашканага дубал болуптур. Чынгыз Айтматовдун 6 китеби, К.Жантөшовдун 2 «Каныбек» романы, Түгөлбай Сыдыкбековдун китеби жана башка дүйнөлүк шедеврлер Ош шаарынын борбордук көчөсүндөгү (Араванский) «Мерилин» тез татым ашканасына дубал болуптур!
Китепти кордогон бул кандай «маңкурттук»! Эл суусап таппай жүргөн китептердин бардыгы дубалга алебастр менен катырылган. Элдер, ошол кордолгон китептерди карап туруп кантип тамагынан оокат өтөт? Буга ким чара көрөт?!», -деп жазат интернет колдонуучу.