Кара-Балтада сабак учурунда балдарды тепкен мугалим сөгүш алды

Автор -

Сабак учурунда окуучуларды тепкен мугалимге сөгүш берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 5-февралда социалдык тармактарда Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептеги дене тарбия мугалиминин сабак учурунда эки окуучуну тепкен видеосу  жарыяланган. Бул окуя коомчулуктун сынына кабылып, министрлик чоо-жайын териштирүүнү убадалаган.

Бүгүн мугалимдин бул аракетине баа берүү үчүн Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Арыков Кара-Балтадагы №2 мектепте ата-энелердин катышуусунда чогулуш өткөргөн.

[ads-quote-center cite=’деди Талантбек Арыков.’]«Биз мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, сүйлөштүк. Мугалим өзүнүн жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады, ата-энелер ага карата дооматтары жоктугун билдиришти»,[/ads-quote-center]

Бирок педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн мугалимге сөгүш берилди.

https://www.instagram.com/p/B8NVBI7By4W/