Түндүк атлантика альянссынын башкы катчысы Йенс Столтенберг «Польша Радиосуна» берген интервьюсунда уюмдун чыгыш флангын күчөтө тургандыгын билдирген.
НАТОнун аракеттери Орусиянын агрессивдүү саясатына каршы багытталат.
Риа Новости жазгандай, Баш катчы билдиргендей, көп улуттуу элдердин күчү уюмдагы өлкөлөрдүн кайсы бирине коркунуч жаралганда аларга жардам берүү үчүн багытталарын айтып, бул биздин стратегиялык коргонуу элементтерибиздин бири деп белгилеген.
Ошондой эле, чыгыш флангдын күчөтүлүшү акердик конфликтти көздөбөсүн тастыктаган.
НАТО бир нече ирет Орусия тараптан болгон коркунучтарга каршы Чыгыш Европадагы машыгууларын күчөтүп келет. Ал эми Орусия Эстония чегиндеги жана Прибалтикадагы машыгуулар эч кандай согуштук максатты көздөбөсүн билдирип, ал батыштын аракетине гана жооп берип жатканын жарыялап келет.