Ошто эки тааныштын арак ичүүсү өлүм менен аяктады

Автор -

Ош шаарында өз таанышын катуу токмоктоп, анын өлүмүнө себеп болгон жаран кармалды. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-февраль күнү саат 23:00 чамасында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 39 жаштагы Т.Ж жана 4 жаштагы А.Э. экөө спирт ичимдигин ичип олтурушуп уруша кетишкен. Натыйжада  Т.Ж. аттуу жаран А.Э.ни бир нече жолу бетине, баш тарабына уруп, алган оор жаратына карабай, күч менен үйүнөн чыгарып жиберген. 

А.Э.нин денесиндеги оор жаратын көргөн башка жарандар «Тез жардам» кызматын чакырып, ал Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Натыйжада 4-февраль күнү алган жараатынан өзүнө келбей каза болгон.

Бул кылмышка шектүү катары, анын бөтөлкөлөш шериги, Ош облусунун Алай районунда туулган 39 жаштагы Т.Ж кармалып, убактылуу кармоочу жайга  киргизилди.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Кылмышка шектүү жарандын баш коргоо чарасы кечээ күнү 5-февралда Ош шаардык соту тарабынан каралып, эки айга камак түрү тандалып алынды. Иликтөө иштери уланууда. Кылмышка шектүү жаран мурда 12 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган.