Ош базарынын аймагынан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Автор -

Бишкектеги Ош базардын аймагында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Киев менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөн чыккан өрттөн 270 чарчы метр аянт күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрт 7:07де чектөөгө алынып, 9:10до толугу менен өчүрүлдү.