Бишкекте дайынсыз болуп жаткан бир туугандардын бири Кубат Асановдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жансыз денеге кароо жүргүзүп жатышат. Ал эми туугандары аны таанышкан.
Буга чейин Бишкекте Канат Асанов 9-январдан бери дайынсыз болсо, аны иниси Кубат Асанов 15-январда саат 11:00 чамасында агасын издеп чыгып, ошол күндөн бери дайынсыз болуп жатканы маалымдалган.