Экс-мэрлердин соту 14-февралга жылдырылды

Автор -

Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун сотуна алардан жабыркады деген тараптын өкүлдөрү келген жок. Ошол себептен шаардык соттогу алгачкы отурум кийинки жума, 14-февралга которулду. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, экс-мэрлерге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабыркаган тарап катары Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек мэриясы, «Дастан» ишканасы жана Мамлекеттик мүлк фонду өтүүдө.

2019-жылдын 23-декабрында Бишкектин Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон.

Алар «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып жүрүшөт.

Өкүмгө нааразы эки тарап тең шаардык сотко апелляциялык арыз жазган.