Сот Мадумаровду жарандык активисттен кечирим суроого милдеттендирди

Автор -

Жарандык активист Мелис Аспеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровду соттон жарым-жартылай утту, деп жазат «Азаттык».

Аспековдун журналисттерге билдиргенине караганда, ал Бишкектин Биринчи май райондук сотуна бир жыл мурда Мадумаровдун үстүнөн арызданып, «кадыр-баркына, абийирине жана ар-намысына шек келтиргени үчүн» саясатчыдан 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

«Канат Исаев менен төңкөрүш жасоого айыпталып камалганыбыздын эртеси Мадумаров «Сентябрь» телеканалынан чыгып мени «провокатор» деп жаман сөздөрдү айткан. Ошол айтканын «Фейсбуктагы» баракчасына да чыгарган. Сот Мадумаровду менден «Фейсбук» аркылуу кечирим сурасын жана мага 50 миң сом, мамлекетке 5 миң сом төлөп берсин» деген чечим чыгарды», -дейт жарандык активист.

Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев «бийликти күчтөп басып алууга» шектелип 2017-жылы сентябрда кармалып, 2018-жылы июлда бошотулган. Аны менен кошо Аспеков да кармалып, 1 жыл 7 айга соттолгон.