Маданият министрлиги даараткананын мыкты дизайнына сынактын мөөнөтүн узартты

Автор -

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги туристтик даараткананын мыкты дизайнына жарыяланган сынактын мөөнөтүн узартты.

Ажаткананын мыкты дизайнына конкурс 26-декабрда жарыяланган. 30-январда жыйынтыгы чыкмак. Бирок түшкөн эмгектер аз болгондуктан, конкурсту дагы эки жумага узартууну чечишти. Эми сынактын жыйынтыгы 15-февралда чыкмакчы.

Сынакка катышчу иштерге коюлган талаптар:

  • жаңыча, өзгөчө, креативдүү;
  • функционалдуу;
  • стиль жагынан ар тараптан төп келген;
  • улуттук колориттин сүртүмдөрү;
  • санитардык-эпидемиологиялык жана колдонуу нормалары боюнча КРдин мыйзамдарына туура келиши зарыл.

Мыкты дизайн үчүн демөөрчүлөр тарабынан 15 миң сом сыйлык каралган.

Ошондой эле башка дизайндарга дагы баалуу белектер берилиши мүмкүн. Ал эми сынакка катышкан бардык дизайнерлерге «Туризм тармагында өлкө инфраструктурасын жакшыртуу боюнча республикалык сынактын катышуучусу» деген сертификаттар берилет.