Кой-Таш окуясы. Спецназды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран кайрылуу жасады

Автор -
397
@КСДП (Рысбек Карыпбек уулу)

Кыргызстандын экс-президентинин тарапташы, Кой-Таш окуялары боюнча кармалган Рысбек Карыпбек уулу Кыйноого каршы улуттук борборунун жетекчиси Н.Э. Сулаймановго, акыйкатчы Т.Б. Мамытовго жана КРнын массалык маалымат каражаттарына кайрылды.

Анын кайрылуусун жана документтеринин көчүрмөсүн КСДП басма сөз кызматы таратты.

Кайрылуунун толук текстин келтиребиз:

«Мен, Карыпбек уулу Рысбек, КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын кызматкери Султаналиев Эмирлан тарабынан 2019-жылдын 10-августундагы Кой-Таш окуясында УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери У.Ниязбековду өлтүрдү деген шектелүү менен кармалганмын.

Ошол эле күнү Эмиркан Султаналиев ИИМдин имаратынын ичинде мени уруп-сабап, коркутуп өмүр баянымды сүйлөтүп, уюлдук телефонунун камерасына жаздырып алды.

2-3 күн өткөн соң ата-энем, бир туугандарым, УКМК кызматкерин өлтүргөн адам мен — Карыпбек уулу Рысбек экенимди «далилдеген», ИИМдин кызматкери Эмирлан Султаналиев тарткан видео интернетке тарап жатканын айтышты. Ал видео Facebook, Instagram жана Youtube баракчаларында таратылыптыр. Азыр да ошол видео Youtube’та «Спецназды өлтүргөн адам кармалды» деген тема менен илинип турат.

Тергөө беш ай өткөн соң УКМК «Альфа» атайын бөлүгүнүн жоокерин мен өлтүрбөгөнүмдү аныктады.

Урматтуу Кыргызстандагы адам укугун коргогон мырзалар! Урматтуу журналистер!

ИИМдин кызматкери Султаналиев Эмирлан Зарылбекович мени видеого тартып, соттун чечими жок, адам өлтүргүч деп атап, күнөөсүздүк презумпциямды бузуп, коомчулукка таратууга укугу бар беле?

Эгер Султаналиев Эмирландын ушул иш-аракети, башкача айтканда, мени мыйзамсыз видеого тартып, жалган жалаа менен коомчулукка адам өлтүргүч катары көрсөткөнү мыйзамсыз болсо, анда буга укуктук баа берип, аталган кызматкерди мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартууга жардам берүүңүздөрдү суранам».