Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоп, чечимди ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук комитетине жөнөттү.
Бүгүн, 12-февралда парламент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин сунушу менен вице-премьер-министрлик кызматка Мадумаровдун талапкерлигин карады.
[ads-quote-center cite=’деди өкмөт башчы. ‘]«Жеңиш Разаков ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арыз менен кайрылып, арызы кабыл алынды. Биз буга чейин чек ара маселелери чечилиши керектигин айтып келгенбиз. Штаттык түзүмдү бекитип жатканда бул кызматта Жеңиз Разаков иштеп жаткан, эми ал отставкага кетти. Вице-премьерлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлигин сунуштайм», [/ads-quote-center]Эске сала кетсек, мурдараак каржы-экономикалык, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында пайда болгон маселелер үчүн Эркин Асрандиев жооп берери белгилүү болгон. Мындан улам вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон милдеттеринин айрымдары алынган. Разаков чек ара маселесине көбүрөөк көңүл бөлөрү айтылган.
Депутаттар Жеңиш Разаковдун чабал болуп жатканын айтып чыгышкан. 11-февралда Разаков өз эрки менен кызматын тапшырган.