Талибан террордук уюмунун лидери Молла Актар Мансур АКШнын аба соккуларынан улам каза тапты. 

АКШ бийликтери Талибан лидери Мансурду Пакистандын Белужстан аймагындагы Ооганстан чек арасына жакын жерде абадан жасалган соккудан каза болгондугун билдиришкен. Талибандын жогорку жетекчилеринин бири Молла Абдул Рауф Мансурдун АКШнын адамгерчиликсиз жасаган чабуулунан улам өлдү деп тастыктаган.

Андан мурдараак атын атабаган Талибан жетекчилеринин бири бул маалыматтар Ооганстан менен Пакистандын Талибан колдоочуларынын арасында паника кылуу үчүн  жасалып жатат деп АКШны айыптаган. Ооганстан президенти Ашраф Гани Twitter баракчасына Мансурдун өлгөнүн жазып чыкты. Мансур Талибандын түптөөчүсү жана руханий лидери Молла Өмер Мухаммед өлгөндөн кийин башчылыкка келген.

АКШнын баш катчысы Жон Керри Мансурду оогандыктарга жана Ооганстандагы америка аскерлери үчүн эң коркунучту жоо болуп келген жана өз жообун алды деп белиледи.

«Эгер адамдар тынчтыкты бузуп, коркунуч жаратса жана адамдарды өлтүрүүнү уланта берсе, буларга жооп берүүдөн башка жолубуз жок. Бул жолку берген жообубуз да туура деп эсептейм», — дейт баш катчы.

Молла Мансур өлгөн жер

Мансурдун өлүмүнөн кийин анын ордуна Сиражаддин Хакандын келиши күтүлүүдө. Мансур кийинки күндөрү Аль-Каида менен жакшы мамиледе болуп келген, ал эми Хакани Аль-Каида менен мамилелери эбактан бери жакшы. Ага каршы Талибандын негиздөөчүсү Молла Өмердин уулу Молла Мухаммед Йакубдун да аты жетекчиликке аталууда. Йакуб Хакандан айырмаланып, Ооганстан жана Пакистан менен жарашууга кызыкдар болуп келет.

Ооганстандын аткаруу кеңешинин Мансурдун өлүмүнө Ооганстан да салымын кошконун билдирип чыкты деп жазат milliyet.com.tr.