Кыргызстанда стационардык шартта 143 киши, ал эми жашаган жери боюнча 391 адам медициналык көзөмөлдө. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына келүүсүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.
Өлкөдө илдетке чалдыккандар жок. Чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин чечимине ылайык Япониядан, Түштүк Кореядан, Ирандан жана Кытайдан келгендер 14 күн атайын даярдалган жайларда карантинде болот.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус кандайдыр бир жөнөтмө жана буюмдар аркылуу жукпайт. Вирус 40°С температурага туруштук бере албайт жана айлана-чөйрөгө анчалык туруктуу эмес.
Акыркы маалыматтар боюнча илдетке чалдыккандардын саны 80 миң кишиге жетти.