Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөргө расмий айыптоо актысы тапшырылды

Автор -

Башкы прокуратура бүгүн, 25-февралда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандарга расмий түрдө айыптоо корутундусун тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, башпрокурор Өткүрбек Жамшитов бекиткен 491 беттен турган айыптоо бүтүмү чыккан. Жолдубаева бул бийликтин Кой-Таш окуялары боюнча акыркы расмий бүтүмү экенин эскертти.

[ads-quote-center cite=’деп жазат ал.’]«Айыпталуучулар тергөөнүн ачык көрүнүп турган бир тараптуулугунан жана далилдин жоктугунан айыптоо актысын «Шахеризаданын жомогу» деп аташты. Бардык айыптап оозеки айтылган сөздөргө таянып коюлду», [/ads-quote-center]

Айыпталгандардын сап башында Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев жана башкалар турат.

Ички иштер министрлиги буга чейин аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштө бийликти күч менен басып алуу, адам өлтүрүү жана күч органдарынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу, массалык башамандыкты уюштуруу, барымтага алуу жана башка кылмыштар боюнча жалпысынан 14 кишиге шектүү катары айыптоо кагазы берилгенин билдирген.