Орусия парламентинин тышкы иштер боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Владимир Жабаров билдирүүсүнө ылайык, Түркиянын жаңы шайлана турган  премьр-министири Бинал Йылдырым жана жаңы өкмөт менен мамилелер мурдагыдай эле калат.

Жабаров Орусиялык «Известия» газетасына берген интервьюсунда Орусия менен Түркия ортосунда жаңы өкмөт менен мамилелер Эрдогандан көз каранды экендигин белгилейт.

«Түркияда өкмөттүн алмашуусу ортобуздагы мамилени эч кандай өзгөртө албайт. Түркия президенти Эрдоган мурдагыдай эле өлкөдө президенттик системаны киргизүүгө кызыктар. Ал эми Ахмет Давутоглу да анын бул кадамына каршы чыгып, кызматынан кетти. Бинал Йылдырымдын Түркия баш мыйзамы боюнча бир жумада өкмөт куруп, парламенттин добушун алышы керек. Рамазан айы июндун экинчи жумасында башталарын эске алсак, бардык нерсе ага чейин маалым болот. Жаңы өкмөт башчы президент Эрдоган менен жакын мамиледе. Ошондуктан анын жүргүзө турган саясаты азыртадан эле белгилүү. Орусия менен Түркия ортосунда башталган кризисте Эрдогандын кызуу кандуулук менен ортодогу көпүрлөрдү кулатканын билебиз. Атып түшүрүлгөн учак үчүн кечирим сураган жок. Тескерисинче күнөөнү бизге койду. Ошондуктан өлкөдөгү бардык ишти президент чечип жаткандыктан ортодогу маилелер мурдагы боюнча калат.

Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин бузулушу 2015-жылдын 24-ноябрындагы Сирия Түркия чек арасындагы орус аскердик учагын атып түшүргөндөн кийин кескин начарлап кеткен.