Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук угуу эртеңкиге жылдырылды

Автор -

Кой-Таш окуясы боюнча алдын ала угуулар соттук отурумду өткөрүүгө шарттын жогунан башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ЖК депутаты, иш боюнча айыпталып жаткандардын бири Ирина Карамушкинанын жактоочусу Александр Типеров билдирди, деп жазат April.kg.

Депутаттын айтымында, бүгүн жактоочулар менен айыпталуучулар кысылып калышты. Сот бардык соттолуучулар үчүн бирдей шарт түзүп бере алган жок.

«Көпчүлүк жактоочуларга орун жок болду, столдор жок, жактоочулар скамейка көтөрүп келип, ошого тыгылышып отурушту. Бардык өтүнүчтөр эртең, 4-мартта саат 10:00дө айтылат», — деди Карамушкина. 

Анын жактоочусунун айтымында, бүгүн бир нече өтүнүч келтирилди, алардын арасында соттолуучулардын бөгөт чарасын өзгөртүү  да бар, алардын баары эртең  саат 10:00дө каралат. Эртеңкиге чейин судья ишти улантууга шарт түзүп коюшу керек.