Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзгөн шектүүнү кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти, деп жазат Super.kg.
Маалыматка ылайык, 3-март күнү болжол менен саат 14:00 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен Чыңгыз Айтматов жана Чүй көчөсүнүн кесилишинен 1980-жылы туулган С.Н. аттуу милициянын кайгуул кызматынын кызматкерин сүзүп алып, андан ары кетип калган.
«Натыйжада 1980-жылы туулган С.Н. Бишкек шаарындагы №4 ооруканага кайрылган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында кайгуул кызматынын издөө бөлүмү изи сууй электе Лексус GX 470 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1995-жылы туулган О.А. аттуу жаранды кармашкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган», — деп билдиришет басма сөз кызматынан.