Чүй облусунда 52 жаштагы жаран өз агасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине 58 жаштагы М.А. аттуу жаран бычактан жаракат алып түшкөндүгү боюнча билдирүү келип түшкөн. Ал алган жаракаттарынан улам каза тапкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми бул ишке шектүү катары М.Д. аттуу 52 жаштагы жаран шектүү катары кармалган. Ал Чүй облусунун тургуну жана маркумдун бир тууган иниси болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, эки бир тууган спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо чыр чыккан. Мындан улам агасын иниси бычак менен сайып салган.