Кыргызстанда ажырашуулар көбөйдү

Автор -
223

Кыргызстанда ажырашуулардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиевдин айтымында, 2018-жылы 10 миң 434 ажырашуу катталса, былтыр 2019-жылы бул сан 10 миң 995ти түзгөн. Бир жылда бул көрсөткүч 561ге көбөйгөн.

«Ажырашуу тууралуу арыз эң көп берилген аймак – Бишкек шаары. Борбор калаадан эки миңден ашуун арыз түшкөн. Ал эми эң азы Ош, Нарын жана Талас облустарында. Бул жакта ажырашуулардын саны 500дөн ашпайт», — деди Бейшеналиев.

Жалпысынан 2019-жылы Кыргызстанда 49 миң 395 нике катталган. Эң көбү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Эң азы Нарын жана Талас аймактарында.