Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин УКМКнын Тергөө абагында калды (видео)

Автор -

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылууга шектелип кармалган экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын Тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-мартка оогон түнү кабыл алды.

Эми мурунку эл өкүлү 5-майга чейин камакта болот.

Эске сала кетсек, 2-мартта баш калаада экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг өткөн. Акциянын катышуучулары бийликке өз талаптарын коюп, Жогорку Кеңештин имаратын көздөй баратканда милиция кызматкерлери кууп тарата баштаган. Митингге чогулгандар укук коргоочуларга таш ыргытышып, алардын экөө жабыркаган. Каршылык акциясынан кийин анын 4 активдүү катышуучусу кармалган. Андан сырткары УКМК кызматкерлери митингде модератор болгон экс-депутат Каныбек Осмоналиевди кармап, аны бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу айыбын тагышууда.