Улуттук банк: Өлкөнүн валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу

Автор -

Бишкекте долларга болгон суроо-талап жогорулап баштады. 9-мартта социалдык тармактын айрым колдонуучулары «коммерциялык банктар долларды сатууда чектөө киргизишти, тагыраагы, бир адамга 500 доллардан ашык акча сатылбайт» деп жазып чыгышкан. Буга байланыштуу Улуттук банк валюта рыногундагы жагдай тууралуу билдирүү таратты. Ага ылайык, Кыргызстандагы валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу сакталып жатканы айтылат.

«2020-жылдын башынан тартып 9-мартка чейин доллардын сомго карата расмий курсу — 1 АКШ доллары үчүн 69,5117 сомдон 69,8500 сомго чейин өскөн.

Учурда колдонулуп жаткан өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу саясатынын алкагында, тагыраагы, АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда чет өлкөнүн валютасына болгон суроо-талапка жана сунушка жараша эркин түптөлөт.

Чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн тең салмактоо зарыл болгон учурда Улуттук банк кийлигишүүсү мүмкүн. Муну менен Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуу жагдайдын сакталышын камсыз кылат.

Улуттук банк сом колдонууга киргизилген учурдан тартып дүйнөлүк рыноктордо болуп келген өзгөрүүлөрдө өз натыйжалуулугун тастыктаган.

Маалымат катары билдире кетсек, Улуттук банк коммерциялык банктарга, ошондой эле алмашуу бюролоруна да чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу суммасы боюнча кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизген эмес жана кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү маселесин карабайт», — деп жазылат билдирүүдө.

Улуттук банк жарандарды улуттук валюта — сомдун курсуна тиешелүү божомолдорго, ушак кептерге жана башка тастыкталбаган булактардан алынган маалыматтарга көңүл бурбоого чакырат.