Равшан Жээнбеков аялдардын укугун коргоодо биримдикке чакырды

Автор -

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Аялдардын укугун коргоо маршына тилектештигин билдирип, коомду бул багытта биримдикке чакырды.

«Азыр коомдук жашоого укук менен эркиндикке олуттуу караган жаңы муун аралаша баштады. Биз аларга өз тажрыйбабызды өткөрүп бере албайбыз, бирок эч болбогондо тоскоолдук кылбай, колдоп турушубуз керек. Жарандык тилектештик улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоого, жаңы жана заманбап Кыргызстанды курууга мүмкүнчүлүк берет» деп айтылат Жээнбековдун кайрылуусунда.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.