Катуу жааган жаандын кесепетинен  Ош шаарында, Баткен облусунун Чимген жана Самат айылдары аркылуу өтүүчү Исфанасай-1, Исфанасай-2  сайларын сел каптады.

ӨКМнын маалыматы боюнча, Ош шаарындагы мамлекеттик ишканаларды  жана жеке менчик турак жайларды суу каптап, жер төлөөлөрүнө суу кирген.

Ал эми Баткенде болсо 4-5 баш ири мүйүздүү малдарды агызып, сай боюндагы участкалардын кээ бир жерлерин сел жууп кеткен.

ӨКМ эскертет: 24-27-майда аба ырайынын туруксуздугунан күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.