Курсан Асановдун айдоочусу үй камагына чыгарылды

Автор -

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулу бүгүн, 17-мартта үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасы узартылды.

«7 айдан бери тергөө абагында отурдум. Жеке өзүмдүн көз карашым менен Курсан Асановго коюлган айыптарды толугу менен четке кагам. Курсан Асанов чыныгы генерал», — деп билдирген Дамирбек Пайзылла уулу.

Эскерте кетсек, Курсан Асанов 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан кийин кызматынан алынып, иш козголгон. Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.