Жалал-Абаддагы тигүү цехи беткап чыгара баштады

Автор -
414

Жалал-Абад шаарындагы «Баяна» тигүү цехинде марлиден беткаптар тигиле баштады. Цехтеги иш ыргагы менен бүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү адистер таанышып чыкты, деп жазат «Азаттык».

Мында күнүнө миң даанадан ашык беткап даярдоого болот. Ар кандай вирустарга каршы марлиден тигилген беткап 4 кабаттуу. Жууп, кайра эки жолу колдонууга ылайыктуу жана баасы 15 сом деп айтылууда.

Бул беткаптар Жалал-Абаддагы айрым дүкөндөрдө жана дарыканаларда 18-марттан баштап сатыла баштайт.

Коронавирус илдети пайда болгондон кийин Кыргызстанда медициналык беткаптардын таңсыктыгы пайда болгон. Баасы үч сомдук бир жолу пайдаланылуучу беткаптар 5 эсеге чейин кымбаттаган.