Үч облустан умрага барып келген 60 киши ооруканага жаткырылды

Автор -

Кичи ажылыкка (умра) барып келген кыргызстандыктардын ичинен Жалал-Абад облусунун 51, Ысык-Көл облусунан 15, Баткен облусунан 8 кишинин тек-жайы аныкталып, булардын ичинен 60 киши коронавируска текшериш үчүн облустардын аймактарындагы ооруканаларга жаткырылды. Ысык-Көлдөн 14 киши жаткырылган жок. Бул тууралуу жер-жерлерден облустук бийлик органдары кабарлашты, деп жазат «Азаттык».

Мындан сырткары, Жалал-Абад облустунан алынган расмий маалыматка караганда облус боюнча умрага барып келгендер менен жолугушкан 1122 адам (айылдаштары жана туугандары) да такталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

18-мартта Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга райондун 70, 62, 42 жаштагы үч тургунунан коронавирус табылганы себеп болду. Алар Сауд Арабиясына умра сапарына барып келген.