Коронавирус табылгандар менен бир учакта келген 45 жаран изделүүдө

Автор -

Республикалык штаб Covid-19 вирусу табылган үч кыргызстандыктын авиасапары жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, 3 жаран «Эйр Арабия» авиакомпаниясынын рейси менен 12-мартта саат 20:57де «Манас» аэропортуна конгон. Чартер каттамдын номери ABY 345.

Республикалык штаб Сауд Арабиясынан коронавирус аныкталган үч киши менен кошо учуп келген 45 жүргүнчү изделип жатканын маалымдады. Ал учакта жалпы 135 жүргүнчү болгон. Алардын ичинен 90 киши 18-мартта изоляцияга алынды.

Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус аныкталган үч киши катталды. Алар — Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары. Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Өлкө аймагына чукул кырдаал киргизүү маселесин ушу тапта республикалык штаб талкуулап жатат.