Бишкекте чоң базарлар жабылбайт, дезинфекцияланат

Автор -

Бишкек шаарындагы Ош, Орто-Сай жана Аламүдүн базарлары жабылбайт. Бул тууралуу мэрдин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Гуля Алмамбетова маалымдады.

Анын айтымында, базарларда кошумча дезинфекциялоо жүрөт. Азыр Орто-Сай базары даярдык көрүүдө.

«Азыр базарларды дезинфекциялоо боюнча план түзүп жатабыз. Бул үчүн мамлекеттик санитардык көзөмөл борбору менен сүйлөшөбүз. Мындан тышкары, шаардагы баардык базарларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Базар башчылары сатуучуларга тазалоо иштери боюнча алдын ала эскертишет. Алар азык-түлүктөрүн алып, дезинфекциялоо иштерине тоскоол болбогудай болушу керек. Ал эми айрым кичи базарлар жабылат», — дейт Гуля Алмамбетова.

Аны менен катар, мэрияда ири базарлардагы элдин санын азайтуу максатында, азык-түлүк жарманкесин кайрадан жандандыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалады.