Кыргызстан эл аралык каттамдарды убактылуу чектеди

Автор -

Кыргызстан эл аралык каттамдарды убактылуу чектеди. Мындай чечим 19-мартта коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык 20-марттан тартып Бишкек жана Ош шаарларынан учуучу бардык эл аралык каттамдар токтойт. Бирок Москва-Бишкек, Москва-Ош, Новосибирск-Бишкек багытындагы каттамдарга жумасына бир жолудан учуп-конууга уруксат берилди.

Штабдын бул чечимин Транспорт министрлиги чет элдик жана жергиликтүү авиакомпанияларга маалымдоого милдеттүү.