Орусия президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франция президенти Франсуа Олланд жана Украина президенти Петр Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы маалымадаган.

Анда Украинанын түштүк-чыгышындагы саясий кырдаал күчөп кетпеши үчүн чараларды көрүү керек экендигин белгилеп, ЕККУнун мониторинг жүргүзүү боюнча кошумча укуктарды берүү тууралуу талкуулашты.

Путин Донбасстагы калктуу пунктарда Украина аскер күчтөрү менен ок атышууну тез арада токтотуу тууралуу айтты. Ошондой эле 2015-жылы 12-февралында жетишилген Минск келишимин аткарууну тездетүүнү сунуш кылды. ДЭР, ЛЭРге өзгөчө макам жана шайлоо укуктарын өзүнө бериш керек деп эсептейт.

Донбасстагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүнү талкуулашты. Ошол эле учурда Сириядагы да айрым маселелер талкууга алынган.