Коронавируска байланыштуу эсепке 2 млн. 200 миң сом түштү

Автор -

20-март күнү Финансы министрлиги өкмөттүн буйругуна ылайык, коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу иш-чараларына акча каражатын которуш үчүн атайын эсеп ачкан. 20-мартка карата аталган эсепке 2 млн. 200 миң сом түштү.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска байланыштуу иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин айлыгына кошумча акча төлөнөрүн кабарлаган.