Италияда жума күнү коронавирустан 793 адам каза тапты. Андан тышкары, жаңы жуктургандардын саны 6 миң 557 адам болду. Жалпы оору жуктуруп алган 53 миң 578 адамдын ичинен 2 миң 857синин абалы оор болууда. Бул туурасында чет элдик ЖМКлар билдиришти.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны сутка ичинде 32 миң адамга көбөйүп, 266 миң адамды түздү, деп билдирет Би-би-си.
Оору жуктургандардын 11 миңи каза тапты.
Италия бейшемби күнү эле коронавирустан каза тапкан адамдардын саны боюнча Кытайдан ашып өткөн. 22-мартта алынган маалыматка караганда, Covid-19 диагнозу Италиянын 53 миң 578 адамынан катталган — бул бир күн мурункудан 6 557 адамга көп.
Коронавирустун эң чоң очогу болгон Ломбардияда инфекция менен күрөшүүгө катаалыраак чаралар киргизилди. Ишемби күнү кечинде жарыяланган жаңы эрежелерге ылайык, көчөдө спорт менен машыгуу, чуркоого тыюу салынды. Соода автоматтарын дагы колдонууга болбойт.
Ооруканалардан башка курулуштар токтотулду. Ачык асман алдында жайгашкан базарлар жабылды. Ломбардияда коронавирус жуктуруп, каза тапкандардын саны 3 миң 95 киши болду. Ватикан коронавирус жуктургандар жана оорулууларга жардам көрсөтүп жаткандар үчүн индульгенция жөнүндө жарлык чыгарды. Римде эки монастырь карантинге жабылды, аларда 59 кечил аял коронавирус жуктурган. Өлкө боюнча Covid-19 илдетинен аз дегенде 28 диний кызматкер көз жумду.
Испания — коронавирус менен ооруп жаткан адамдарынын санынын көптүгү боюнча Европадагы экинчи мамлекет — сутка ичинде илдетти жуктургандар дээрлик 5 миң адамды түзүп, бардыгы 24 миң 926 адам болду. Акыркы суткада инфекциядан 324 киши каза тапты, баш-аягы бул өлкөдө коронавирустан 1 326 адам өлдү.
Францияда коронавирустан дагы 112 адам каза тапты, ошондо жалпы-жонунан 562 адам каза болду. Сутка ичинде илдетти жуктургандар 1 847 киши, жалпы 14 459 адам.
Британияда оору жуктургандардын жалпы саны 5 миңден ашты, каза тапкандар 233 адам. Акыркы суткада Англияда коронавирустан 53 адам өлдү. Бейтаптардын жаш курагы 41- 94 жаш, алардын баарында өнөкөт оорулары болгон. Буга чейин Уэльстин дарыгерлери 2 кишинин өлүмү тууралуу билдиришкен, дагы бирөө Шотландияда каза тапкан.
Швейцарияда оору жуктургандар 6 миң 100, алардын ичинен 56 адам каза тапты. Май айында Цюррих менен Лозанна шаарларында өтө турган хоккей боюнча чемпионат токтотулду.
АКШда коронавирус жуктургандардын саны 21 миң киши, каза тапкандар — 266.
Нью-Йорктун губернатору штатта 10 миңден ашык оорулуулар катталганын, алардын ичинен 6 211 адам Нью-Йорк шаарында экенин билдирди.
Такталбаган маалымат боюнча Нью-Йоркто дарыгерлер менен медайымдарга бир жумага бир гана бет кап берип жатышат, мындан улам алар бет каптарын колду тазалоочу антисептиктер менен дезинфекциялоого аргасыз болушууда.