Коронавирус менен күрөшүү эсебине 5,2 миллион сом топтолду

Автор -

Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 5 миллион 294 миң 358 сом топтолду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 22-мартына (саат 14.00гө) карата
Кыргызстандын аймагындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн каражаттын суммасы 5 млн 294 миӊ 358 сомду түздү.

Эске салсак, эсеп жеке жана юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү максатында ачылган.

2020-жылдын 22-мартында коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок.
Бардыгы болуп республикада COVID-2019 кабылгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял):
Баткен облусу – 1 адам;
Сузак району – 8 адам;
Ноокат району – 3 адам;
Бишкек шаарында – 2 адам.
Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны — 2628 адам. Азыркы учурда инфекциянын чордондорунда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш чаралар уланууда.