Иранда калган 60 айдоочу кайтып келатат

Автор -

Иранда калып калган жүк ташуучу унаа айдоочулары кайтып келе жатышат. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Буга чейин коронавирустан улам Азербайжан менен Түркмөнстан өз чек арасын жаап алып, кыргызстандык 60 айдоочу Ирандан чыга албай жатканы тууралуу белгилүү болгон.

Учурда 60 айдоочунун ичинен 21и Россия Федерациясынын аймагында турушат жана россия-казак чек арасы тарапка, «Караозек» көзөмөл-өткөрмө жайына жөнөшүүдө.

10 унаа Азербайжан Республикасынын Россия Федерациясы менен чек арасындагы «Самур» көзөмөл-өткөрмө жайынан өтүү үчүн күтүп турушат.

25 унаа Казакстан аркылуу Кыргызстанга келе жатат. Дагы бир айдоочунун жарандыгы казак болгондуктан, Казакстанга өткөндөн кийин карантинге алынды.

Тышкы иштер министрлиги бул маселе өзгөчө көзөмөлдө, ал эми айдоочулар менен үзгүлтүксүз байланыш бар экендигин эскертти.