Вице-премьер: Салыктарды төлөө мөөнөтү жылдырылат

Автор -

«Эгерде биз салык төлөмдөрүнүн өлчөмүн кыскартсак, анда бул пенсиялар менен жөлөк пулдарды төлөп берүүгө таасирин тийгизет, учурдагы кырдаалды реалдуу баалаш керек», — деп жооп берди КР вице-премьер-министри Э.Асрандиев онлайн пресс-конференция учурунда.

Республикалык коронавирус менен күрөшүү штабынан билдиришкендей, салык төлөмдөрүн жылдыруу маселеси боюнча төмөнкүлөр каралды:
1. салыктарды төлөө мөөнөтү жылдырылат;
2. салык текшерүүлөрүн жүргүзүү токтотулду;
3. электрондук эсеп-фактураларын, электрондук унаа-жүк ташуу коштом кагаздарын жана виртуалдык ККМ киргизүү мөөнөттөрү жылдырылды.

Э.Асрандиевдин айтымында, коммуналдык кызматтарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселеси каралууда.

«Белгилей кетсем, кабыл алынып жаткан ар бир чечим коммуналдык кызматтардын, суу менен камсыздоого жана энергетиканын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши зарыл», — деп баса белгиледи Э.Асрандиев.

Ал ошондой эле, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине (анын ичинде каникулга таратылган мугалимдердин) айлык акысы боюнча төлөмдөр, пенсиялар, жөлөк пулдар, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына төлөмдөр толук көлөмдө жана өз убагында берилерин убадалады.