Ноокат районунун эки тургунунан коронавирус табылды

Автор -
2050

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы эки учур катталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Алар — Ош облусунун Ноокат районунун тургундары. 1960-жылкы аял жана эркек. Экөө тең кичи умрадан келгендер.

Бардыгы болуп өлкөдө COVID-2019 кабылгандардын саны 16 адамга жетти.  Алардын жетөө — эркек, тогузу — аялдар:
Баткен облусу – 1 адам;
Сузак району – 8 адам;
Ноокат району – 5 адам;
Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейин.