23-майда Бишкектеги №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кыргыз-корей кайрымдуулук «Ден соолук жумалыгы» аттуу долбоордун бет ачары өттү.
Саламаттыкты сактоо министирлиги менен Самсунг-Сеул медицина борбору 27-майга чейин Бишкек жана Чүй аймагынын тургундарына бекер тейлемекчи.
Кайрымдуулук акциянын максаты — диагностика, кеңеш берүү, бардык ооруларды заманбап дарылоо. Ошондой жергиликтүү врачтарга бул борбордун алдыңкы адистеринен мастер класс жана семинарлар кайтарымсыз негизде өткөрүлмөкчү.
Кеңеш берүүнү жана дарылоону төмөнкү адистер тейлейт: трансплантолог, кардиолог, ревматолог, реаниматолог, радиолог, педиатр, дерматолог, гинеколог
Бишкек шаарында кабыл алуу төмөнкү мекемелерде болмокчу:
— ҮДБ №6 (дерматолог, педиатр, гинеколог, радиолог);
— Улуттук хирургия жана терапия борбору (кардиолог, ревматолог);
— Улуттук хирургиялык борбор (боор транспантологу, балдар трансплантологу).
27-майда Ысык-Ата районун Алмалуу айылынын жалпы дарыгердик практика борборунда болуп, бардык адистер кабыл алууну жүргүзөт.
Долбоор 17-февралдагы эл аралык кызматташуу меморандумдун негизинде ишке ашырылганын саламаттык сактоо министирлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.