Бишкекте коменданттык саатты бузган 146 жаран кармалды

Автор -

Бишкекте коменданттык саатты бузган 146 жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 26-март саат 20:00дөн тартып, 27-март эртең мененки саат 7:00гө чейин борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды.

Алардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран болгон.

Эскерте кетсек, 25-марттан тарта Бишкекте коменданттык саат киргизилип, кечки 20:00 тартып, эртең мененки 7:00 чейинки убакыт аралыкта көчөгө чыгууга тыюу салынган.