Коронавируска байланыштуу жалган маалымат тараткан 2 жаран кармалды

Автор -

Баткен жана Нарын облусунун тургундары коронавирус эпидемиясына байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратты деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-мартта коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынын 56 жаштагы тургуну Гүлнара Мурзакаримова жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын 36 жаштагы тургуну Эрнист Жумагулов аныкталды.

[ads-quote-center cite=’деп жазылат маалыматта.’]«Мурзакаримова Баткен облусундагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан. Ал эми Жумагулов социалдык тармактар аркылуу Кочкор районундагы Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербестен, 200 сом алып коё берүүдө деген маалыматты тараткан»,[/ads-quote-center]

Эки жаран менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашкан. Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш-аракеттер жүрүп жатат.

УКМК жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.