2020-жылдын 29-марты саат 12:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Алар:
Чүй облусунда – 2 учур
Бишкек шаарында -4 учур
Нарын шаарында – 1 учур
Ош облусунда – 6 учур
Жалал-Абад шаарында – 13 учур.
Булардын бардыгы обсервацияга алынды, врачтардын көзөмөлүндө болуп жатышат.
Бардыгы республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 58ден 84ге чейин өстү.