30-мартка карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Алардын баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда. Бардыгы болуп өлкө боюнча 94 катталган учур бар:
Жалал-Абад облусу — 50 учур;
Ош облусу — 24 учур;
Чүй облусу — 3 учур;
Баткен облусу — 1 учур;
Нарын облусу — 1 учур;
Ош шаары — 8 учур;
Бишкек шаары — 7 учур.
Жуктургандардын 53ү аял, 41 эркек киши.