«Кумтөр» Ысык-Көл облусуна коронавирус менен күрөшүүгө 100 миң доллар бөлөт

Автор -

«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусуна коронавирус менен күрөшүүгө  жардам иретинде 100 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу компаниянын ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, акча каражаты коронавирус инфекциясын облус аймагында жайылтууга каршы иш-чараларга катышкандарды жана мекемелерди керектүү медициналык каражаттар менен жабдууга жумшалат.