Ысык-Көлдө дааваттан келген 2 адам анализдин жыйынтыгын күтүп жатат

Автор -
578

Ысык-Көл облусунда Индияга дааватка барып келген 2 адам 6 күндөн бери райондук ооруканада обочолонгон жайда кармалууда. Бул тууралуу  райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Канат Муканбетов билдирди, деп жазат Turmush.

Алардан азырынча коронавирустун белгилери табылган жок. Түп районунун 39 жана 35 жаштагы жарандарынан 3 күн мурда анализ алынган. Азыркы тапта анализдин жообу күтүлүп жатат, өздөрү обсервацияда.

«Чет мамлекетке дааватка барып келген адамдар өздөрүн жакшы сезип жатат. Коронавируска байланыштуу тамагы кызарган, дене табы көтөрүлгөн белгилер азырынча байкалган жок. Анализдин жыйынтыгы Бишкек шаарынан келе элек. Андыктан өз көзүбүз менен окуп көрмөйүнчө аныктыгын айта албайбыз», — деген Муканбетов.