Коронавирус аба аркылуу жукпайт. Колуңузду жууп, аралыкты сактаңыз!

Автор -
298

COVID-19 вирусу аба аркылуу жукпайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

​Аталган уюм билдиргендей, ооруган адам жөтөлүп, чүчкүрүп же сүйлөгөндө тамчы пайда болуп, ал аркылуу вирус башка адамга жугат. Тамчы түрүндөгү кабыгы жок вирус абада жашай албайт.

«Эгер сиз ооруган адам менен бир метр аралыкты сактабасаңыз, аны менен учурашып же бир жерине тийип, андан соң кол жуубай бетиңизди кармасаңыз COVID-19 вирусун оңой эле жуктуруп аласыз», — деп түшүндүргөн уюм.

ДССУ инфекцияны жуктуруп албоо үчүн аралыкты сактап, жеке гигиенаны таза кармоо зарылдыгын белгиледи.