Коронавирус дагы 5 адамдан аныкталды, экөө-Баткенден

Автор -
674

2020-жылдын 2-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы жуктуруп алган учурлардын экөө Ош облусунун Ноокат районунан, бирөө Ош шаарынан, дагы экөө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан экени маалымдалды.

Бардыгы болуп республика боюнча инфекция жуктурган адамдардын саны 116га жетти:

  • Жалал-Абад облусунда — 54 учур (үчөө айыгып чыкты);
  • Ош облусу — 40 учур (анын 9 Ош шаарында);
  • Чүй облусу — 13 учур (анын 8 Бишкекте);
  • Баткен облусу — 3 учур (анын экөө Кызыл-Кыя шаарынан);
  • Нарын облусу — 4 учур;
  • Ысык-Көл облусу (Түп району) – 2 учур.