Атайын эсепке 83,4 миллион сом түштү

Автор -

Коронавируска каршы атайын эсепке түшкөн акча 83 миллиондон ашты. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

2020-жылдын 2-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 83 млн. 472 миң 193 сом акча каражаттар түштү.

Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар КР Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.